Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Баткен облусуЛейлек району 05.05.2015 11:37

Айыл турмушу: Курулуш материалдарын Тажикстандан ташып келип саткан лейлектик ишкер бажы биримдигинен кооптонууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында жашаган ишкер Жауланбек Раушан уулу турмуш тиричилигин курулуш материалдарын сатуу менен өткөрөт.

Жауланбектин ачык асман астындагы дүкөнүнө көнгөн кардарлары ага алдын ала да буюртмаларды беришет. Кээде убактылуу насыяга да керектүү товарларын ала алышат. Сатуучу жигит бул курулуш материалдарынын дээрлик барын коңшу Тажикстандын Атуш базарынан алып келет.

Жауландын маалыматтарына таянсак, Кыргызстан бажы биримдигине киргенден кийин анын соодасына кыйынчылык болоору күтүлүүдө. Анткени, Тажикстандан товар ташуу кыйындайт. Мындан улам курулуш материалдарынын баасы да кымбаттайт.

IMG-20150502-WA0004

IMG-20150502-WA0005

IMG-20150502-WA0006

IMG-20150502-WA0007

IMG-20150502-WA0008

IMG-20150502-WA0009

IMG-20150502-WA0010

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×