Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу 22.01.2014 10:09

Жалал-Абад облусунда өткөн жылы жол кырсыгы 22,3%га көп катталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында өткөн жылы 12 ай ичинде 733 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 22,3% га (599-733) көп болгон, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы.

Ал эми денелеринен жарат алгандар 1219 адамды түзүп, 29,6%га (940-1219) көп катталган, анын ичинде 204 адам каза болуп, 0,4%га (205-204) аз катталды.

Жаш өспүрүмдөр арасында 193 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 37,8%га (153-209) көп, жарат алгандардын саны 209 болуп, ооруканага кайрылганы 36,6%га (153-209) көп катталган.

Мындан тышкары, 22 жаш өспүрүм каза болуп – 4,3% өткөн жылга салыштырмалуу 205-204 адамга аз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×