При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-март

Айыл турмушу: Нарындын Оттук айылынын тургуну К.Жунусов 4250 даана бөтөлкөдөн мончо курган (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылынын тургуну Кубан Жунусов мындан 5 жыл мурда жалпы 4250 даана бөтөлкө колдонуп, айылга чакан мончо салган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка карасак, мончо курууга жалпы 4250 даана бөтөлкө сарпталган жана анын курулушуна цемент, топурак, кум колдонулган. Мончо 2010-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.

«Негизи мончону бөтөлкө аралаштырып курууну Ысык-Көлдө бөтөлкөдөн турак-жай салыптыр деп гезитке чыкканын кийин анан кургам. Анын дубалына 3730 даана бөтөлкө кетсе, полуна 520дөн ашык бөтөлкө колдонулду. Бөтөлкөдөн курулган мончо бат жылыйт, анан да жылуусу кечке кармалат. Мунун курууга жалпы 2 ай убакыт кетти. Куруп бүткөн соң көп элдер сурап жүрүштү, мени туурап мончого бөтөлкө кошкондор бар, бирок мынчалык санда бөтөлкө сарпташкан эмес», - дейт К.Жунусов.

8

9

7

65

4

3

1

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4171
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×