Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Нарын облусуКочкор району 01.04.2015 15:55

Кочкордун Сары-Булак айылында 31 наристе тарбияланган бала бакчанын оюн залы 230 миң сомго оңдолот

Turmush -  Кочкор районунун Сары-Булак айылындагы бала бакчанын оюн залы 230 миң сомго оңдоодон өтөт. Мындай маалыматты аталган айыл аймагынын башчысы Нурташ Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда бала бакчанын ичинде оюн залы быйылкы жылы айыл өкмөттүн күчү жана долбоор аркылуу 230 миң сомго менен оңдоодон өтөт.

«Азыркы тапта бала бакчада 31 бала тарбияланат. Буга чейин балдарга жакшы шарт түзүлбөй келген, эми жакынкы арада жаңы заманбап оңдоо залы болуп ишке кирет», - дейт Н.Касымалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×