Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 01.04.2015 10:31

Дарылар бериле электигине байланыштуу Өзгөндө кызамыкка каршы эмдөө май айына жылдырылды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда кызамыкка каршы эмдөө май айына жылдырылды. Бул туурасында Өзгөн райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Зулейха Дукенбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 31-мартта өткөн чогулушта эмдөө 50 жашка чейинки жарандарга жүргүзүлөөрү маалым болду. Учурда тактоо иштери жүрүп, мобилдик бригалар түзүлүүдө. Эмдөө дарылардын районго келе электигине байланыштуу жылдырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×