Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 23.03.2015 16:17

Өзгөн районунда 34 адам кызамык оорусун жуктуруп алды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда кызамыкка каршы 1-апрелден тартып эмдөө башталат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Өзгөн районунун үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунун орун басары Зулайка Дукенбаева билдирди.

Анын айтымында, жарандарды жетиштүү дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча 23 топ иштеп жатат. «Эмдөө негизинен мектептерде, бала бакчаларда, мектепке чейинки курактагы балдарга, мугалимдерге жүргүзүлөт. Район боюнча 32 миң 142 адам эмделүүгө тийиш. 1-апрелде эмдөөгө толугу менен вакцина алынып келет.

Жалпысынан 15 мектепте, Өзгөн медициналык колледжинде, базардын ичинде 2 пунктта кызамыкка каршы эмдөө жүргүзүлөт. Эмдөөнү 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандар алат», - деди З.Дукенбаева.

Өзгөн районунда жыл башынан бери кызамыкка кабылгандардын саны 34 адамды түздү. Алгач студенттер жугузуп алганы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×