Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАлай району 16.03.2015 12:47

Чоң-Алай районунда 50дөн 200гө чейин жумуртка багытындагы тоок баккан 4 фермердик чарба бар

Turmush -  Чоң-Алай районунда 4 фермердик чарбалар 50дөн 200гө чейин жумуртка багытындагы тоок багып жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Алар 3 айлык жаштагы тоокторду Оштогу «Оазис-Агро» мекемесинен сатып алышкан. Аларды багуу жана кароо, эсеп-кысап жүргузүү боюнча кеңеш Бай-Алай программасынын финансылык жардамы менен «Окутуу жана кеңеш берүү борбору» аркылуу жүргүзүлгөн.

Тоок баккан фермерлер өздөрүнүн иш-тажрыйбаларын айтып беришти. Алар негизги эки көйгөйгө токтолушту: биринчиси, алар өндүргөн жумуртканы сатып өткөрүү болсо, экинчиси тооктордун жемин даярдоо же ташып келүү.

Жыйында Оштогу «Оазис–Агро» мекемесинин жетекчиси Майк Лунд фермерлердин ар тараптуу суроолоруна жооп берди. Ал негизинен тоок породасына жана тоютка көңүл буруу керек экендигин баса белгиледи. Тоюттун баасы эмнеден көз каранды экендигин да түшүндүрүп берди.

Айта кетчү нерсе, бул борбор «Бай-Алай» программасынын тоок чарбасын өнүктүрүү тармагы боюнча негизги өнөктөшү болуп эсептелет. Алар фермерлерди тоок чарбасы боюнча окутуу жана кеңеш берүү менен эле чектелбестен, тоокту кайдан алуу керектигин, кандай породаны багууну жана продукция өндүрүү менен кошо эле аны сатуу жолдорун да үйрөтүшөт. Бул мекеменин адистери жумуртканын тамак аштагы орду, баалуулугу, пайдалуу жактары тууралуу кеңири маалымат беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×