Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 16.03.2015 12:02

Чоң-алайлыктар жумуртка багытындагы тоок чарбасын өнүктүрүүгө кызыгышууда

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында «Чоң-Алай районунда жергиликтүү жумуртка өндүрүүнүн жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бул иш-чара «Алай жана Чоң-Алайдагы киреше алып келүүчү чакан бизнести өнүктүрүүчү БАЙ-АЛАЙ» программасынын алкагында өткөрүлдү. Аталган программа Өнүгүүжана Кызматташуу боюнча Швейцариялык Башкармалыгы тарабынан каржыланып, эл аралык Хельветас уюму жана Ага-Хан уюмунун консорциуму аркылуу ишке ашырылат.

Тегерек столдун максаты - Чоң-Алай районундагы жумуртка багытындагы тоок баккан фермерлердин жетишкендиктерин элге жайылтуу жана алар кезигип жаткан көйгөйлөрдү ортого салуу менен аны чечүү жолдорун чогуу иштеп чыгуу болду.

Тегерек столго Оштогу Оазис–Агро мекемесинин жетекчиси Майк Лунд, тоок багып жаткан фермерлер, жергиликтүү жумуртка керектөөчүлөр (балдар бакчасы, мектептер, оорукана, базардагы дүңүнөн жумуртка сатуучулар), айыл өкмөт башчылары, райондук айыл чарба департаментинин башчысы Муса Исираилов жана башкалар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Бай-Алай программасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча программанын адиси Сабыр Тойгонбаев тарабынан кыскача маалымат берилди. Андан кийин Оштогу «Окутуу жана Кеңеш берүү» борборунун кызматкерлери Бактыгүл Сатыкулова жана Расул Камалов тарабынан даярдалган бул багыттагы маалыматтар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×