Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.03.2015 15:16

Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында отурган жарандар рентгендик кароодон өткөрүлөт

Turmush -  Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып олтурган жарандар рентгендик кароодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы диспансеринин дарыгери Акылбек Ормонбеков билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын 24-февралынан 24-мартка чейин кургак учук оорусунун алдын алуу жана эртерээк аныктоо боюнча бир айлык жарыяланган.

Мындагы иш-чаранын алкагында Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайда олтурган жарандарда кургак учук оорусу бар же жок экенин аныктоо үчүн рентгендик текшерүүдөн өткөрүү пландалууда. Бул багытта жетекчиликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×