Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 21.01.2014 19:01

Сузакта кутурма чыккан жерде адистер иштөөдө

Turmush -  Сузак районуна караштуу Ак-Мечит айылында кутурма оорусу катталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Айылдын бир тургунунун уйуна алдын ала диагноз коюлуп, ал ветеринар адистин көзөмөлүндө союлуп, башы текшерүүгө жөнөтүлгөн.
Экспертизанын жыйынтыгында мал кутурма менен ооруганы аныкталган. Уйдун эти өрттөлүп, ветеринариялык эрежелерди сактоо менен көмүлгөн. Контактта болгон эки адам дарыгерлеринин көзөмөлүнө алынды.
Оору катталган аймакта мал жандыкты текшерүү, эмдөө жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×