Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 20.02.2015 15:13

Фото - Чоң-Алай районунда бүгүн «Карамык» жана «Карашыбак» чек ара тозотунун ачылышы болду

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда бүгүн, 20-февралда Ош чек ара отрядынын «Карамык» жана «Карашыбак» чек ара тозотунун жаңы турак жана кызмат жайларынын салтанаттык ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КРнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматка таянсак, «Карамык» жана «Карашыбак» кыргыз-тажик чек арасын коргойт жана кайтарат.

Чек ара объекттери, 2013-жылдан баштап Кыргыз республикасындагы АКШ элчилигинин колдоосу менен борбордук башкаруунун «Баңги заты менен күрөшүү программасынын» алкагында курулуп башталган.

«Карамык» жана «Карашыбак» чек ара тозотторунда керектүү жашоочу үйлөр жана кызмат турактары курулган. Анын ичинен аскер кызматындагыларга казарма уюштурулуп, бардык шарттар түзүлүп берилген.

Ачылыш салтанатында өкмөттүн Ош обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбеков, Мамлекеттик чек ара кызматынын полковниги А.Алимбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы башчысы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү катышты.

Полковник А.Алымбаев белгилеп өткөндөй, өлкөнүн башчылары чек ара коопсуздугун бекемдеп, анын ичинен чек ара инфратүзүлүштөрүн жакшыртууга көңүл бөлүп жатат. Жаңы объектилердин курулуштары республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен каржыланып жатат.

«Дүйнөдө жана аймактарда болуп жаткан абалдарды эске алуу менен, Кыргызстан өкмөтү чек араларды бекемдөө максатында бир топ иш-чараларды жүргүзүп жатат. Мисалга алсак, кошумча чек ара тозотторун куруу менен чек арадагы күзөттү бекемдеп, ошондой эле, чек аранын күзөтүн заманбап техника жабдыктары менен камсыз кылууда», - деп билдирди А.Алимбаев.

2014-жылы Кыргызстандын чек арачыларына республикалык бюджеттен курулган 5 жаңы объект берилген.

АКШнын борбордук комитети башка АКШ уюмдары менен бирге, «Баңги заты менен күрөшүү программасынын» алкагында чек ара өкмөтүнө 8 жаңы объект курдуруп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×