Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 11.02.2015 08:48

Өзгөн РИИБдин жаңы жетекчиси К.Рахманов жамаат менен тааныштырылды

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси алмаштырылды. РИИБдин жаңы жетекчиси Рахманов Кеңешбек Ташбалтаевич жөнүндө буйрукка ички ишетр министри Мелис Тургабаев 9-февралда кол койду.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси С.Өмүрзаков кечээ, 10-февралда К.Рахмановду жеке курамга тааныштырды.

К.Рахманов мурдар Ош ОИИБдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн жетектеп келген.

Министр Мелис Турганбаев 23-январда иш сапары менен Өзгөн РИИБде болуп, ишмердүүлүгү менен таанышкан. РИИБдин жеке курамы менен таанышкан министр кылмыштуулук менен күрөшүү иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын айткан.

IMG-20150123-WA0089

IMG-20150123-WA0085

IMG-20150123-WA0087

Тема боюнча: Министр М.Турганбаев Өзгөн РИИБи кылмыштуулук боюнча иштей албай жатканын айтты (фото)

Өзгөндүк ишкер Келдибаевдердин үй-бүлөсүнүн «К.Кадыралиевдин жигиттери балабызды сабап, акча талап кылды» деген арызы боюнча М.Турганбаев Өзгөн РИИБин күнөөлөдү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×