Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 21.01.2014 18:37

Панфилов районунда көмүскө иштетилген кумар оюн жайы табылды

Turmush -  

Чүй облусунун Панфилов райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (оюн-зоок жайын уюштуруу (кармоо), ошондой эле тотализатордук жана букмекердик жайлардан тышкары, кумар оюндарын оюн жабдыктарын пайдалануу менен өткөрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2013-жылдын 25-декабрында Панфилов райондук прокуратура бөлүмүнө аталган райондун Чалдыбар айылында мыйзамсыз оюн-зоок жайы бар экендиги тууралуу ишеним телефону аркылуу маалымат түшкөн.

Маалыматты текшерүү үчүн райондун прокуратурасы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынынын Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондору боюнча башкармалыгына тапшырма берилген.

Ыкчам-иликтөө иштери башталып, Чалдыбар айылындагы «На границе» кафесинин аймагына тийиштүү имараттын түндүк тарабында көмүскө кумар оюндарын өткөрүп келген оюн-зоок жайы табылды.

Учурда тергөө игтери жүрүп жатат.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×