Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.01.2015 16:33

Өзгөндүк ишкер Келдибаевдердин үй-бүлөсүнүн «К.Кадыралиевдин жигиттери балабызды сабап, акча талап кылды» деген арызы боюнча М.Турганбаев Өзгөн РИИБин күнөөлөдү

Turmush -  Ички иштер министри Мелис Турганбаев өзгөндүк ишкер Келдибаевдердин арызы боюнча Өзгөн РИИБнин башчысын күнөөлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда министр Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

«Бул маселени ушул жерде чечип койсоңор болмок. Милиция кызматкерлери кармап, кылмыштын бетин ачыш керек эле. Силер жакшы иштебей жатасыңар. Ушунун айынан Бишкекке чейин арыздануулар болду», - деди министр.

Эске салсак, «Жогорку Кеңештин КСДП фракциянын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиевдин жигиттери «балабызга тапанча такап сабап, бизди уруп акча талап кылышты», деп Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Келдибаевдердин үй-бүлөсү билдирип чыгышкан эле.

Натыйжада кылмыш иши козголуп, Канжар Кадыралиев издөөгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×