Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.01.2015 15:01

Министр М.Турганбаев Өзгөн РИИБи кылмыштуулук боюнча иштей албай жатканын айтты (фото)

Turmush -  Ички иштер министри Мелис Турганбаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бүгүн, 23-январда Өзгөн РИИБне келди.

Turmush басылмасынын кабарчысынын айтымында, министр Өзгөн РИИБнин өздүк курамынын жүргүзүп жаткан иштери менен таанышып, Өзгөн РИИБи кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жеткиликтүү иштей албай жатканына токтолду.

«Өзгөн РИИБинин кылмыштуулукка каршы иши жакшы болбой жатат. Өзгөндө катталган кылмыштар боюнча мага чейин чалып жатышат. Өз ишиңерди жакшы алып барбай жатасыңар», - деди М.Турганбев.

Ошондой эле, милициялардын айлык аксын көтөрүү боюнча президентке кайрылганын, кийинки жылдардан милициялардын да айлык акысы көтөрүлөөрүн айтты.

IMG-20150123-WA0086

IMG-20150123-WA0089

IMG-20150123-WA0085

IMG-20150123-WA0087

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×