Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 03.02.2014 15:24

Жумгал районунда эки күнгө созулган хоккей оюну жыйынтыкталды (фоторепортаж)

Turmush -  

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы муз аянтчасында 1-2-февраль күндөрү Жумгал районунун кубогуна арналган хоккей боюнча мелдеш болуп өттү. Бултууралуу «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.

Эки күнгө созулган бул мелдешке Миң-Куш айылынан «Барчын», Кочкор районунан «Ормон-Хан», Нарын шаарынан «Ала-Тоо-Дордой», Байзак айылынан «Байзак», Кызыл-Жылдыз айылынан «Нуралы-Аке» жана Чаек айылынан «Жумгал-Шортон» командалары катышты.

Аталган хоккей оюнуна өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.Абдаимакунова, КМЮАнын ректору К.Керезбеков, жеке ишкерлер А.Кулбараков, Ж.Турускулов, И.Карыпбековтор жана коомдук уюмдун өкүлдөрү, эстрада жылдыздары, ММКнын өкүлдөрү катышты.

Эки күнгө созулган хоккей боюнча жарышта 1-орунду Жумгал-Шортон командасы келип 40 миң сом, 2-орунга Кызыл-Жылдыз айылынан «Нуралы-Аке» командасы 25 миң сом, 3-орунга Нарын шаарынан келген «Ала-Тоо Дордой» курама командасы келип 15 миң сом, 4-орунга Кочкор районунан келген «Ормон-Хан» командасы болуп, ага 5 миң сом ыйгарылса, 5-орун жана 6-орундарга да сыйлыктар берилген.

Хоккей оюнун өткөрүүгө Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 120 миң сом, жеке ишкер Кулбараков Абтандил 65 миң сом жана Матыев Арстан 15 миң сом демөөрчүлүк кылып, жалпы байге фонду 200 миң сом болгон.

Ал эми юштуруу жаатына «Берекет-Кен» көмүр ишканасы 30 миң сом, «Эмгек» партиясы 25 миң сом, «Шарбон» ЖАК ишканасы 10 миң сом, «Нарын Көмүр» ЖЧКсы 10 миң сом, «Кара-Кече» МИси 15 миң сом, жеке ишкер Даирбек Шаршеев 10 миң сом, Сокулук районунун тургуну жеке ишкер Момоконов Акылбек 20 миң сом, Жумгал районунун мекеме ишканалары 22 миң сом жана Жумгал районунун айыл өкмөттөрү 1-жылкы союшкан. Ошол менен бирге кызыктыруучу байгелер жана сыйлоо баракчалары, диплом медалдар тапшырылган.

Хоккей оюнунун кооздолуучу жарманкесин уюлдук байланыш түйүнү колго алган. Жалпы хоккей оюнуна 400 миң сом каражат сарпталды.

Белгилей кетсек, хоккей оюнун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы, Жумгал районунун эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү, Жумгал райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмү, район жаштары.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×