Turmush — Оптима Банк өз кардарлары үчүн санариптик сервистердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда.
Эми Optima24 тиркемесинин колдонуучулары «Cinematica» кинотеатрлар тармагына билеттерди түздөн-түз тиркеменин ичинен сатып ала алышат. Бул тез, ыңгайлуу жана башка платформаларга өтүүнү талап кылбайт.
Жаңы «Optima Movie» сервиси бир нече мүнөттүн ичинде кинотеатрды, тасманы, ыңгайлуу сеансты жана залдагы орундарды тандоого мүмкүндүк берет.
Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин электрондук билет автоматтык түрдө «Менин билеттерим» бөлүмүндө сакталат. Ал эми сеанс башталар алдында кардарга эскертүү иретинде push-билдирүү жөнөтүлөт. Кинотеатрга кирүү үчүн смартфондун экранындагы QR-кодду көрсөтүү жетиштүү.
Кызматты кантип колдонсо болот:
• «Сервистер» бөлүмүнөн «Синематика x Optima Movie» белгисин басыңыз;
• тасманы, кинотеатрды жана өзүңүзгө ыңгайлуу сеансты тандаңыз;
• орундарды белгилеп, «Андан ары» баскычын басыңыз;
• маалыматтарды толтуруп, билеттин акысын төлөңүз.
Билеттер автоматтык түрдө «Менин билеттерим» бөлүмүндө сакталат жана электрондук почтаңызга жөнөтүлөт. Тасма башталар алдында push-билдирүү келет. Кирүүдө жөн гана QR-кодду көрсөтүү жетиштүү.
Cinematica сервисинин Optima24кө интеграцияланышы — каржылык жана lifestyle-кызматтарды бир тиркемеде бириктирген Оптима Банктын ыңгайлуу санариптик экосистемасын өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам.
Optima Movie менен эң башкы премьераларды биринчилерден болуп көрүңүз.